Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Башкы прокуратура жалган маалымат үчүн жоопко тартаарын эскертти


Баш прокурор Аида Салянова кыргыз тилдүү маалымат каражаттарында саясатчылар тууралуу такталбаган, текшерилбеген маалыматтардын берилиши күчөгөнүн сынга алды. Анын кечээ маалымат жыйынында билдиргени боюнча мындан ары Башкы көзөмөл органы ЖМКга жарыяланган маалымат үчүн аны жазган журналисттен кабардын булагын сурамакчы. Баш прокурордун айтуусунда эгер ЖМКда жарыяланган маалымат такталбаса, аны жарыялаган адамдар жоопко тартылат. Салянова Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жалган маалымат берген киши жоопко тартыларын эскертип кетти.
Апрель окуясынан кийин Кыргызстанда сөз эркиндиги күчтөнгөнү айтылып келет. Айрым серепчилер журналисттер эркиндиктен ашкере пайдаланып, маалымат каражаттарын курал катары колдонуп жатат деген сын пикирлерин билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG