Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:01

Сарык, сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн аптада сарык менен ооругандардын саны андан мурунку жумага караганда 6,2 пайызга өстү. Жалпысынан жугуштуу оору жуктуруп алгандардын саны 4611ге жетти.

Сасык тумоого чалдыккандар 16,3 пайызга көбөйдү. Алардын теңинен көбү 4 жашка чейинки балдар. Сасык тумоо менен ооругандардын саны боюнча биринчи Бишкек менен Ош шаарлары, андан кийин Чүй облусу турат.

Бишкекте үч адамдан менингит оорусу аныкталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG