Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Айрым кыргыз тилдүү гезиттер президентке каяша айтты


Бүгүн Бишкекте ондон ашык кыргыз тилдүү гезиттердин редакторлору жана орусча басылган “Деньги и власть” басылмасынын жетекчиси жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Анда президенттин кыргыз тилдүү гезиттер жалаң ушак жазып калды деген пикирине каяша айтылды. Кайрылууга кол койгон редакторлор басылмалар азыркы коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдырып жатканын белгиледи. Мамлекеттик башкаруу сынга алынды.

Атамбаев 6-ноябрда журналисттер күнүнө арналган кечеде сөздүн кадыры түшүп, айрыкча кыргыз тилдүү гезиттер такталбаган маалымат жазып калганын сынга алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG