Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Башкы прокуратура "айланма" добуш берүүнү текшерип жатат


Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо бир эле адамдын бир канча шайлоо участкаларын кыдыртып добуш берүү уюштурган факты боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргал Курманбеков “Азаттыкка” билдирди.

Мындан мурдараак "Республика" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү делгендердин шайлоо участкасында катталбаган адамдарды кантип добуш бердиртүү жол-жоболорун үйрөтүп жаткан учуру жашыруун жазылган видео интернетте тарап кетти. "Республика" бул тууралуу расмий комментарий тарата элек.

Башкы прокуратура жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө 78 текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 156 акт түзүлүп, административдик мыйзам бузуу боюнча бир кылмыш иши козголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG