Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

“Республика”: бийлик чагымчылыкка барды


"Республика” партиясы чуулуу видео тууралуу билдирүү таратты. Анда бул видеону аталган партияны жаманатты кылуу үчүн атайын кызмат уюштуруп, тартып алган деп айтылат. "“Республикадан” шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаеванын штабына атайын кызмат эки тыңчысын киргизип, мыйзам бузуунун даяр схемасын атайлап сунуш кылган. Ошол сунуш талкууланып жаткан учур жашыруун видеого тартылып алган. Учурда партия Ажыбаеваны издеп таппай жатат жана анын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик бул видеону тартып алгандарга жүктөлөт", - деп жазылат билдирүүдө.

“Республика” бийликтин партияларын административдик ресурс колдонуп, мамлекеттик маалымат каражаттарынын жардамы менен шайлоодо колдонулган ыплас ыкмалар, мыйзам бузуу фактыларынан элди атайлап алагды кылып жатат деп күнөөлөдү.

Буга чейин "Республика" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү делгендердин шайлоо участкасында катталбаган адамдарды кантип кыдырып добуш бердиртүү жол-жоболорун үйрөтүп жаткан учуру жашыруун жазылган видео интернетте тарап кеткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG