Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков коалиция тарайт деген жоромолду жокко чыгарды. “Азаттыкка” курган маегинде ал “Ар-намыс” партиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн коалициядан чыгуу ниети жок экенин, төрага маселеси жакында талкууланарын билдирди.
Турсунбеков ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуулар болду деген дооматы четке какты.
Муну алдында бийлик коалициясын жетектеген Феликс Кулов жекшембидеги жергиликтүү шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам кызматынан кетип жаткандыгын жарыялаган.
Кулов жетектеген "Ар-намыс" партиясы шайлоодо жергиликтүү кеңештерге шайлануу үчүн зарыл болгон добуштардын 7 пайыздык чегин ала алган жок.
Алдын-ала санак президент Алмазбек Атамбаевдин Социалдык-демократиялык партиясы көпчүлүк добушту алгандыгын көрсөтүүдө.
Мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун оппозициядагы "Республика" партиясы экинчи, "Ата Мекен" үчүнчү болуп келди. Кыргызстандын сентябрда түзүлгөн учурдагы коалициясы социал-демократтардан, "атамекенчилерден" жана "Ар-намыс" партиясынан куралган. jch