Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Египет: демонстрация алдында кырдаал курч


Президент Мухаммад Мурсинин өз бийлигин күчтөндүрүп алышына каршы демонстрациянын алдында Каирдин Тахрир аянтына жүздөгөн киши чогулду. Аянттын чет жакасындагы кагылыштарда полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду.

Сынчылар сот териштире албай турган жардык чыгаруу менен Мурси диктаторлук жолго түштү деп айтышууда. Жардык өткөн бейшембиде жарык көргөндөн берки нааразылык акцияларында кеминде бир киши набыт болуп, ондогон адам жараат алды.

Тирешти козутпоо үчүн "Мусулман агаиндер" Мурсини колдогон жүрүшүнөн баш тартышты. Египеттеги алгачкы эркин добуш берүүдө президент болуп шайланганга чейин Мухаммад Мурси "Мусулман агаиндердин" таанымал саясатчысы болгон. jch

XS
SM
MD
LG