Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Алматыда кыргызстандык соодагерлердин иши мыйзамдаштырылат


Жаңы жылдан тартып Алматынын базарларында иштеген ар бир кыргызстандык мамлекеттик салык кызматынан “жеке ишкер” катары каттоодон өтүшү керек. Антпесе соода кылууга тыюу салынмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы консулдуктун маалыматына таянып билдирди. Анда айтылгандай, бул мыйзам казак жарандарынан башка Казакстанда жашоого уруксат алган Кыргызстан, Орусия, Беларус жарандарына тиешелүү. Консулдук ошондой эле кыргызстандыктарды “жеке ишкер” катары катталуу үчүн азыртадан Казакстанда жашоого расмий уруксат алууга киришүүгө чакырды.

Азыркы учурда Алматыдагы соодагерлер баары бирдей түрдө салыкты талон түрүндө күн сайын төлөшөт.

Эки тараптуу макулдашунун негизинде Казакстандын аймагында кыргызстандыктардын каттоосуз жүрүү мөөнөтү бир айдан үч айга чейин узартылган, бирок казак мыйзамы кыргызстандыктарга соода жүргүзүүгө уруксат бербейт. Ушундан улам акыркы жылдары Алматы шаарындагы базарларда иштеп жаткан кыргызстандыктарга Казакстан бийлиги тарабынан кысым күчөп жатканы айтылып келаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG