Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:00

Адвокат баш прокурорду жоопко тартуу боюнча президентке жана парламентке кайрылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, мындай кайрылууга баш прокурор Аида Салянованын Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү негиз берген. Айткуловдун айтуусунда, Камчыбек Ташиевге жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгына адвокат кол койгон эмес. Анын сөзү боюнча баш прокурор парламентте адвокат жыйынтык менен таанышып, макул болгон деп айтканы үчүн жооп берүүгө тийиш.
Икрамидин Айткулов президент жана парламент кайрылуусуна кайдыгер карабай, Салянованы кызматтан алуу маселесин карашы керек деп эсептейт.

Адвокат өзүнүн кайрылуусун президент жана парламент менен катар эле Башкы көзөмөл органына да 26-ноябрь күнү жолдогон.

Башкы прокуратура азырынча буга байланыштуу эч кандай маалымат бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG