Баткендин Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылынын жанындагы Апрель кенин жергиликтүү тургундар ачтырбай жатат. Райондун акими Тилеберди Ариповдун “Азаттыкка” маалымдашынча, кенди 2003-жылдан бери “Айжет Интернешнл” деген орусиялык компания чалгындап жатат. 18-ноябрда жүздөй адам кенчилерди кубалап түшкөн, чалгындоону токтотууга 22-ноябрга чейин мөөнөт чектеген. Болжогон күн келгенде вагон-үйүн оодарып, мончосун өрттөп салган. Компаниянын арызы менен бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, 5 киши суракка чакырылган. Азыр райондук ички иштер органдарынын өкүлдөрү сурак жүргүзгөнү Катраңга жөнөп кетти.
Лейлектин мурунку акими Нууман Сайдуллаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кен Козу-Баглан дарыясынын башында турат. Дарыянын суусун Кыргызстандын жана Тажикстандын жүздөгөн тургуну ичет. Жергиликтүү эл кен казылса, суу булганарын, таза суусуз калаарын айтып нааразы болуп жатат. Сайдуллаев учурда Катраңда 300дөй адам чогулганын билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбаев 150дөй адам кен боюнча жолугушууга келгенин "Азаттыкка" ырастады. (EBM)