Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 29-ноябрдан 2-декабрга чейин маал-маалы менен кар жаайт, айрым жерлерде катуулайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоо жолдордо көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

29-ноябрда абанын температурасы дыйканчылык аймактарда күндүз -1...-6 градуска чейин төмөндөйт. Эртеңден тартып 2-декабрга чейин абанын температурасы түнкүсүн -8...-13, ал эми күндүз -3...-8 градска чейин ылдыйлайт.

Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү энергетика, унаа жана байланыш тармактарынын ишин кыйындатат жана алыскы жайыттарда мал багуу түйшүгү арбыйт.

29-ноябрда Кыргызстанда кар жаайт, айрым жерлерде катуулайт. Зымдар жана бактарга муз тоңот. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоо жолдордо кар көчкү коркунучу көбөйөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1... -6 , күндүз -1... -6 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3… -8, күндүз -3…-8 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз - +1…+4 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 3... +2, күндүзү 0 ... +5 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4... +1, күндүз -2... +3 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 6... -11, күндүз -2... -7 градус болот.

29-ноябрда Бишкекте кар жаайт. Зымдарга жана бактарга муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, кээде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз -1…-3 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG