Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Теплоключенкада картошкадан ун чыгарган завод курулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн маалымат катчысы Алтынбек Давлетов билдирди. Ага ылайык, Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылындагы бул заводду куруу иштери Корея менен түзүлгөн долбоордун негизинде ишке ашууда.

Долбоордун баасы 700 миллион сомду түзөт жана каражаттын теңи жабдык алууга, калган бөлүгү аны куруп, иштетүүгө жумшалат. Бүгүнкү күнү пайдубал түптөлүп, дубалы көтөрүлө баштады. План боюнча заводду куруу эмдиги жылы аяктайт жана суткасына 60 тонна картошка иштетилмекчи.

Айыл өкмөт башчы Улан Дөкөнбаевдин айтымында, бул ишкана жумурткадан да майда картошкаларды иштетип ун чыгарат. Мындай картошканы жергиликтүү дыйкандардан 1 килограммын 5 сомго чейин сатып алса болот.

Былтыр күзүндө картошканын баасы кескин түшүп кетип, элдин мээнети акталбай калган болчу. (MK)

XS
SM
MD
LG