Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:26

АКШ кытай паспортундагы карта боюнча тынчсыздануу билдирет


Кытайдын жаңы паспортундагы карта.
Кытайдын жаңы паспортундагы карта.
Кытайдын жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортторунун ичиндеги карта коңшу өлкөлөр талашып жүргөн аралдарды да камтыйт. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Виктория Нуланддын айтымында, ал карта аймакта чыңалуу жана чочулоо жаратат. Азыркыга чейин бир нече өлкө, анын ичинде Вьетнам, Филиппин, Индия, Тайвань Кытайдын кадамына нааразылык билдирди.

Вьетнамдын иммиграция кызматы Кытайдын жаңы паспорттору өлкө суверенитетине шек келтирет деп санагандыктан аларга виза басуудан баш тартууда.

Кытай тышкы иштер министрлиги болсо карта кайсыл бир конкреттүү өлкөнү бутага албасын билдирүүдө.

Өзү Кытайдын расмий карталары талаштуу аймактарды камтып келчү, бирок бул ирет коңшу өлкөлөр арасындагы кыжырдануу жаңы паспортторго визалык мөөр басуу талап кылынганынан улам чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG