Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Бишкекте добуштар толук саналып бүттү


Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкекте добуштардын баары саналып бүткөнүн билдирди. Ага ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 35,85 пайызы катышкан.

Шаардык кеңешке шайлоодо Социал-демократтар партиясы (КСДП) 32,83 пайыз добуш менен биринчи болду. “Республикага” 18,07, “Ата Мекенге” 10,24, “Замандаш” 9,6 пайыз добуш тийди. Ал эми “Ар-намыс” 4,84 пайыз добуш менен бешинчи болду.

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде жарыялоого тийиш. 25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. (EBM)

XS
SM
MD
LG