Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

Ооганстан: өспүрүм кыздын башы алынганына байланыштуу эки адам камалды


Он төрт жаштагы өспүрүм кыздын башы алынган окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында болгон. Жергиликтүү полиция өкүлү Низамуддин Хакиминин “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, кыздын сөөгү кечээ провинциянын Имам Шахиб районунан табылган.

Полиция өкүлү белгилегендей, баштапкы иликтөөлөр камалгандар кыздын ата-энесинен алардын бирөөсүнүн ага үйлөнүүсүнө уруксат сураганын көргөздү. Бирок кыз өзү да, ата-энеси да бул сунушту четке кагышкандай.

Өткөн айда Герат провинциясында 20 жаштагы аялдын башы алынган болчу. Кабарларга караганда, ал сойкулук менен алектенүүдөн баш тарткандай.

Бул кылмышка байланыштуу төрт адам, анын ичинде аялдын күйөөсү да камалган. (UE)

XS
SM
MD
LG