Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Чуулуу тасмадагы Ажыбаева чагымчылыкка алдырганын айтып чыкты


“Республика” партиясынан шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаева НТС телеканалына берген маегинде, “айлампа” добуш берүүнүн сценарийин түзүүдө чагымга алдырышканын айтып чыкты. Ал cөзүн буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин штаттан тышкаркы кызматкерлери түрттү, бирок добуш берүүдө бул ыкма колдонулган эмес, “Республика” партиясы добуштарды ак эмгеги менен алды деп бекемдеди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет шайлоого байланыштуу чуулуу тасмага эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө.

“Айлампа” тасмасы боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөөнү шаардык милицияга тапшырды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG