Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вен Цзябао иш сапары кийинки жумада, тагыраак айтканда 4-5-декабрь күндөрү болмокчу. Сапарынын жүрүшүндө ал Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү тууралуу сөз болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын башчысы Нуржигит Кадырбеков журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Кытайдан ортосундагы соода алмашуу 2011-жылы 965,5 млн. долларга жетип, мурунку жылга караганда 37% өскөн.
Акыркы жылдары Кытай Кыргызстандагы энергетика, кен иштетүү тармагын инвестициялап жаткан өлкөлөрдүн катарына кирди. (ZKo)