Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:31

Казакстанда тыюу салынган гезиттин баракчалары конфискацияланды


Алматыда полиция “Взгляд” гезитинин башкача аталыштагы жана түзүлүштөгү “Не взгляд” деп аталган баракчаларын конфискациялады. Дүйшөмбү күнү сот тарабынан “Взгляд” гезитинин чыгуусуна тыюу салынган соң, редакция гезитти башка форматта чыгарган. Басылманын редактору Олеся Щелкова полиция 99 баракчанын бардыгын гезит сатуучу күркөгө чыгарта койбой алып кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Казакстан мыйзамдары боюнча Маалымат министрлигинен каттоосуз 100 нускага чейин баракчаларды чыгарууга уруксат берилет.

“Взгляд” гезитинин чыгуусуна тыюу салган сот чечими басылманын редакторуна дүйшөмбү күнү берилген.

 Өткөн аптада Алматы шаардык прокуратурасы президент Назарбаевдин режимин сындап келген каттоодон өтө элек “Алга” партиясын, Элдик кыймылды, “Республика” жана “Взгляд” гезиттерин, К+ телеканалын “экстремисттик” деп табууну соттон сураган. Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму Казакстан бийлигине кайрылып, бийликтин эркин басылмаларды чектөө аракетине кабатырлануу билдирди.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG