Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков коалициядан чыгуу боюнча фракцияда кол топтоо башталганын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, учурда канча депутат жана ким-кимдер кол койгону тактала элек. Бирок аталган фракциянын дагы бир депутаты Анарбек Калматов мындай акция боюнча кабары жок экенин айтты.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда коалициялык көпчүлүккө байланыштуу кырдаалды талкуулады. “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы төрага маселеси боюнча эртең чукул жыйынга чогулганы жатат.
Буга чейин “Ар-намыс” фракциясынын лидери жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгына наразы болуп, коалиция төрагалыгынан кеткенин жарыялаган болчу. (EBM)