Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Башкы прокуратура Равшан Сабиров боюнча апелляция берди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Учурда Бишкек шаардык сот апелляциялык арызды кароонун мөөнөтүн тактай элек.

Экс-министр Сабировду 21-ноябрда Биринчи май райондук соту актаган. Аны менен кошо айыпталып жаткан жардамчысы Тахир Мирзахмедов күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратуу, үй мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу чечими чыккан.

Башкы прокуратура Сабировго чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деп айып таккан эле. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 5-июлда камакка алган. 25-июлда баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан. Экс-министр менен анын орун басары Гүлнара Дербишевага да ушундай айып менен кылмыш иши козголгон эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG