«Ак кептер» мейманканасынын администраторунун өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен 20 жаштагы жигит Ош ШИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды.
Шаар милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргендей, шектүү Аксы районун тургуну. Ал окуя болгон күнү конок үйүнө келгени белгилүү болду.
Окуя 20-ноябрда болгон. Конок үйүндө администратор болуп иштеген 36 жаштагы айымдын денеси мейманканадагы номерлердин биринен табылган эле. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE)