Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Бүгүн мектепке барбаган балдардын маселеси талкууланат


Талкууда “Мектепке барбаган балдар” аттуу глобалдык демилгенин алкагында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы тааныштырылат. Иликтөөдө мектепке барбаган балдарга кеңири мүнөздөмө берилип, баланын мектептен калышына себеп болгон көйгөйлөр жана факторлор тууралуу айтылган.

“Мектепке барбаган балдар” аттуу жыйынга өкмөт, парламент мүчөлөрү, БУУнун балдар фондунун өкүлдөрү, борбор калаадагы ири базарлардын башчылары катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 40 миңден 70 миңге чейин бала мектепке барбайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG