Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Сирияда интернет өчүрүлдү


Сирия режими өлкө аймагында дүйнөлүк маалымат түйүндү өчүргөнүн интернетке мониторинг жүргүзүү боюнча АКШда жайгашкан компаниялар билдиришти. Интернеттин өчүрүлүшү борбор Дамасктагы айыгышкан атышуулардын учуруна туш келгенин сателлит телефон аркылуу байланышка чыккан сириялык активисттер да ырасташты.

Президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң тутанган акыркы 20 айдан бери Сирияда интернет өчүрүлгөн учурлар буга чейин да болгон. Бирок кеңири масштабда, бүткүл өлкө боюнча биринчи ирет өчүрүлүп жатат.

Бул аралыкта Египеттин жана Дубайдын авиокомпаниялары Сирияга каттамдарын бейшембиде токтотконун жарыялашты.

Маалыматтарга караганда, Сирия бийликтери Дамасктын аэропортуна кеткен жолду анын айланасындагы уруштарга байланыштуу жапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG