Палестина автономиясы Улуттар Уюмуна “байкоочу мүчө” деген макам алды.
Мындай чечимди БУУга мүчө 138 мамлекет колдоп, тогуз өлкө, анын ичинде АКШ, Израил, Чехия, Канада каршы чыкты. 41 мамлекет калыс болду.
"Бүгүнкү добуш берүү маанилүү сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу зарылдыгын көрсөттү. Төбөлсүз, эгемен, демократиялуу, босоголош жана өз камын өзү көргөн Палестина мамлекети Израил мамлекети менен эриш аркак жашоосуна кепил өтүү үчүн биз орток аракетибизди дагы күчөтүүбүз керек. Мен тараптарды тынчтык сүйлөшүүсү боюнча өз милдеттенмелерине жаңы дем менен мамиле кылууга үндөйм",- деди колго салуунун жыйынтыгы жөнүндө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун.
Израилдин Улуттар Уюмундагы өкүлү жөөт мамлекети палестиндер менен тынчтыкта жашоону каалаганын белгилеп, бирок добуш берүү тынчтыкка болгон умтулууга бөгөт болот деди.
АКШ элчиси Сюзан Райс Палестина боюнча кабыл алынган резолюция Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга жолтоо болот деген пикир билдирди.
Жаңы макамга ылайык, Палестин автономиясы БУУнун агенттиктерине, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотуна кошулуп, Израил өкмөтүн сотко берүүсүн мүмкүн кылат.