Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Египеттин жаңы Конституциясынын долбоору даяр


Долбоорду аны даярдап жаткан Конституциялык комиссия жума күнү таң эртең бекитти. Ага президент Мухаммед Мурси кол койсо, декабрдын орто ченинде жалпы элдик референдумга чыгарылат деп боолгонууда. Сынчылар “Мусулман агайындардын” жетеги астында даярдалган долбоорду даярдоого улуттук азчылыктар, ошондой эле либералдар жана тарса-христиандар тартылбаганын айтышууда.

Президент Мурси жаңы Конституция өз бийлик укугун кеңейткен конституциялык декларациядан улам келип чыккан кризисти токтотот деген үмүттө. Өткөн бейшемби күнү жарлык чыккандан кийин массалык нааразылыктар башталып, тирешүүдө эки адам өлгөн жана жүздөгөн адамдар жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG