Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Сирияда интернет жана телефон байланышы бузулууда


Буга президент Башар Асадга ишенимдүү өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар арасындагы согуштун күчөгөнү себеп болду. Бейшемби күнү Сирияда интернет байланышы толук токтогонун интернет кызматын тейлөөчү АКШдагы эки фирма тастыктады. Бул өлкөдө жыйырма айдан бери жүрүп жаткан коогалаң кездеги биринчи мындай окуя.

Оппозиция активисттеринин айтышынча, армия Дамасктын тегерегиндеги адаватчыларга каршы чоң чабуулга даярдык көрүүдө. Бейшемби күнү ордо калааны эл аралык аэропорт менен туташтырган кан жолдо катуу уруш жүрдү.

Сирия өкмөтү кечке жуук аскерлер кан жолду “террорчулардан” бошотту деп жар салганы менен трассада уруш жүрүүдө. Уруштан улам Бириккан Араб Эмираттары жана "Египетэйр" компанияларынын учактары Дамаскка каттаганды токтотту.

XS
SM
MD
LG