Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

Жолдор жабылган жок


Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында учурда кар жаап жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаадар министрлигинен 2-декабрга чейин эскертүү берилген. Тоолуу райондордо жана жолдордо кар көчүү коркунучу бар.

Транспорт жана коммуникация министрлигинен берилген маалымат боюнча, Ош-Бишкек, Тараз-Талас-Суусамыр, Түп-Кеген жана башка ушул сыяктуу кан жолдордо күн бүркөк, бирок кыймыл нормалдуу.

Мамлекеттик жол көзөмөлдөөнүн башкы башкармалыгы аталган жолдордо ири жол кырсыктары катталбаганын билдирди. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Кылыч Мурзалиев тыгын жок экенин айтып, Бишкек-Нарын-Торугарт каттамында гана жүрө албай калган унаалар жолдо токтоп турганын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө узак жолдордогу унаалардын арасында 500 метр аралыкты сактоону жана жолго даярдык менен чыгууну эскертет. (AKu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG