Бүгүн ондон ашык саясий партиялар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү “Эл үнү” деген оппозициялык коомдук-саясий кыймыл түзүп, бириккенин жарыялашты. Ага коомдо көрүнүктүү адамдардан Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Нурлан Мотуев, Назарбек Нышанов, Өмүрбек Субаналиев, Бабырбек Жээнбеков, Бегалы Наргозуев жана партия, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү келишти.
Бир кыймылга биригип жаткандыгынын максатын саясатчы Азимбек Бекназаров түшүндүрдү:
- Саясий авторитаризмге жол берилбесин, саясий куугунтуктар токтотулсун, Кумтөр кени боюнча келишим жокко чыгарылсын, элдин байлыгы элге берилсин, Акаев менен Бакиевчилер бийликтен кетсин, саясий коррупция менен иштеген коалициялык парламент тарктылсын, бийлик бир адамга же бир партияга эмес элге кызмат кылсын деген максат менен "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылга кошулам деген партиялар кол коюшту.
Аталган топ 2005 жана 2010-жылдардагы бийлик учурунда коррупциялык схемаларды жаап-жашырган сот жана башка органдардын өкүлдөрүн жоопко тартуу талабын да коюшту. Түзүлгөн кыймыл бул талаптарды аткарууга бийликке 10-декабрга чейин убакыт берди. (ZB/AKu)