Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Оппозициялык бирикмелердин жыйынында чыр чыкты


Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бир нече саясий партиялар жана коомдук бирикмелер биригип өткөрүп жаткан жыйында “Кыргызстан патриоттору” кыймылынын атынан Назарбек Нышанов сүйлөдү. Ал трибунада сүйлөп жаткан учурда жыйынга келген коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаров жана башкалардын жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылды. Ал азыркы оппозициядагы айрым адамдарды 2005 жана 2010-жылдагы бийликтин жанында жүргөн деп баалап, азыркы оппозицияга кошулбашы керектигин билдирди.

Назарбек Нышановду бир топ адам күч менен алып түшкөнгө аракет кылышканда, аны колдогондор да чыгып, эки тараптын ортосунда чыр чыкты. Тартип коргоо кызматкерлери аларды арачалап калды.

Кыргызстандагы ондон ашуун саясий партиялар жана коомдук бирикмелер "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылдын алдында бириккенин жарыялашты. (ZB/AKu)

XS
SM
MD
LG