Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Таласта шайлоо комиссиясынын кеңсеси бек турат


28-ноябрда "Ата Мекен", "Авангард", "Мекен ынтымагы", "Ак шумкар" партияларынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин кайра саноону талап кылып, Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын кеңсесинин каалгасына мөөр бастырып, бекиттирип кетишкен. Аталган аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Канайым Сайдалиеванын айтымында, нааразы болгон партиялардын арыздары БШКда каралып жаткандыктан, алар чечимди күтүп жатышат.

Добуш берүү күнү №6108 шайлоо бекетинен 102 бюллетень жоголуп, бир нече сааттан кийин 92си табылган. Көз карандысыз байкоочулар табылган бюллетендерде “Замандаш-Современник” партиясынын пайдасына белгилер коюлганын айткан болчу. Бирок кийин шаардык милиция бекитилген бюллетендерди ачканда 91и чыккан. Алардын 14ү КСДПга, калган 77си “Замандаш-Современник” партиясынын пайдасына белгиленгени маалым болгон.

Калган 9 добушканада бюллетендер саналып бүткөндөн кийин “Республика” 41,88%, КСДП 15%, “Замандаш-Современник” 13% добуш менен алдыга чыккан. (MbA)

XS
SM
MD
LG