Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

АКШ Израилдин талаштуу аймакта жаңы конуштарды куруу планын сындады


Израил Чыгыш Иерусалимде жана Иордан дарыясынын батыш жээгине жөөттөрдүн миңдеген жаңы үйлөрүн курууга киришкенин Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон сынга алды. Мамкатчынын ишениминде, бул аракет Израил менен Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизет.

Расмий Тел-Авив Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Палестинага “мүчө эмес байкоочу мамлекет” деген статус берилгенине жооп катары аталган аймакта жөөттөргө 3 миңдей жаңы үй курулаарын жарыялаган.

Палестиналыктар болсо Иордандын батыш жээгин келечектеги Палестина мамлекетине карай турган аймак болсун дешет жана Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн борбору деп атоону каалашат.

XS
SM
MD
LG