Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Дүйнөдө СПИД азайды


Бүгүн - СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы күрөшүү кору – UNAIDS – бул күнгө карата жарыялаган докладында соңку эки жылда ал илдетке кабылгандарды дарылоо жана СПИДден өлгөндөрдүн санын кыскартуу ишинде үлкөн ийгиликтер болгонун билдирди.

Кабарга караганда, 25 өлкөдө СПИДди жуктургандардын саны 50% азайган, оорудан өлгөндөрдүн саны, 2005-жылдагыга салыштырганда 25% кыскарды. Бирок докладдын авторлору айтышкандай, азыр дүйнөдө эки гана региондо - Чыгыш Европа жана Борбор Азияда - ВИЧти жуктургандардын саны өсүп жатат.

Маселен, бул аймакта адамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирусту жуктургандардын саны 2000-жылдан бери үч эсеге өскөн. Баарынан да Украинадагы абал өзгөчө оор экени, ал жакта азыр вирусту жуктургандар 230 адамга жеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG