Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Орусияда кыргыздардын конгрессин өткөрүү боюнча талаш чыкты


Москвадагы кыргыздардын “Кыргыз биримдиги”, “Замандаш” ассоцациясынын өкүлчүлүгү баштаган 12 уюм 12-декабрда өтө турган Орусиядагы кыргыздардын конгрессин өткөрүүгө каршы чыгууда. Алардын жүйөөсүндө, конгресстин уюштуруу тобу Орусиядагы кыргыздардын диаспоралары менен макулдашпай туруп, өз кызыкчылыгы үчүн иш кылып жатат. Мындан улам алар конгрессти уюштурууну токтотуп, конгресс кийинки жылы биргелишип өткөрүүнү талап кылууда.

Анткен менен конгрессти уюштуруу тобунун башчысы Кубанычбек Кожоев айыптоолорду четке кагып, аны айрым уюмдардын "ичи тардыгы" деп атады. Кожоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, конгрессти өткөрүү боюнча чечим бардык диаспора жана уюмдардын макулдугу менен кабыл алынган. 12-декабрда Орусиянын бардык аймактарынан чакырылган 500 дөн ашык кыргызстандыктын катышуусу менен конгресс өткөрүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG