Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Садыр Жапаровдун адвокаты шаардык сотко кайрылды


Депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Токтогул Абдиев Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул маалыматты адвокат өзү “Азаттыкка” тастыктады. 26-ноябрда Биринчи май райондук соту депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун камактагы мөөнөтүн 3-январга чейин узарткан болчу. Токтогул Абдиев Жапаровго коюлган айыптар негизсиз деп эсептейт.

Октябрдын башындагы Бишкектеги башаламандык боюнча депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG