Бүгүн Бишкектеги “Сейтек” борборунда майып адамдар үчүн атайын концерт уюштурулат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Бишкек мэри Иса Өмүркулов катышат. Ошондой эле “Майып балдардын ата-энелеринин бирикмеси” майыптардын көйгөйлөрүнө арналган талкуу өткөрөт.
Кыргызстанда укук коргоочулар майыптар боюнча конвенцияны кабыл алууга, аларга шарт түзүп берүүгө чакырып келишет. 1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 3-декабрды Майыптардын эл аралык күнү деп жарыялаган. (KKs)