Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге депутаттык мандаттарды жаңы жылга чейин бөлүштүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев билдирди. Анын айтымында, шайлоодон кийинки 20 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдордун түп нускасы келип түшөт. Андан кийинки он күндүн ичинде Боршайком расмий жыйынтыкты чыгарып, мандаттардын санын аныктайт.
25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаары жана 400дөн ашык айылдык округунда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөн. Бишкек шаарында добуштардын көбүнө Социал-демократтар партиясы ээ болгон. (KKs)
25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаары жана 400дөн ашык айылдык округунда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөн. Бишкек шаарында добуштардын көбүнө Социал-демократтар партиясы ээ болгон. (KKs)