Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

ЭТБ: Дүйнөдө интернетти башкарууда кайчы пикилер жаралууда


Бүгүн Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында дүйнөдөгү Эл аралык телебайланыш бирикмесинин (ЭТБ) 12 күндүк конференциясы башталат. Анда интернетти дүйнөлүк деңгээлде башкаруу маселеси боюнча талкуу жаралат деп күтүлүүдө. Бирикменин баш катчысы Хамадун Туренин айтымында, айрым өлкөлөр дүйнө боюнча интернетти тейлеген ICANN аттуу америкалык фирманын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү көздөп жатышат. Кээ бир авторитардык режимдеги өлкөлөр интернетти тескөө үчүн өздөрүнө көбүрөөк укук берилишин, интернетти бир өлкөдөн экинчисине өткөрүүдө салык алынышын талап кылышууда. Мындай чектөөлөргө АКШ, Европа биримдиги жана Google өңдүү ири интернет корпорациялары каршы чыгууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG