Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаев “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген кине менен кармалды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, Ташбаев азыр комитеттин тергөө абагында кармалууда. УКМК бул тууралуу аздан соң кененирээк кабар берерин билдирүүдө. Азырынча Ташбаевдин жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүн боло элек. (KKs)