Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Учкунбек Ташбаев 30-январга чейин камакта болот


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев 30-ноябрда камакка алынган. Ал кызматынан "кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат. Биринчи май райондук соту Ташбаевдин баш коргоо чарасын карап 2 айга, тактап айтканда, 30-январга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК тоо кен тармагындагы коррупциялык схемаларды ашкерелөө, “Кыргызалтын” ишканасынын "Макмал", "Солтон-Сары" филиалдарда алтындын уурдалышы, кен байлыктарды сыртка көзөмөлсүз чыгарып кетүү, лицензияларды сатуу боюнча жалпысынан 8 кылмыш иш козгоду. (EBM)

XS
SM
MD
LG