Башкы прокурор Аида Салянова үч күндүк иш сапар менен Түркияга жөнөп кетти. Сапардын максаты - эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташуусун бекемдөө, тажрыйба алмашууну жакшыртуу. Ошондой эле кылмыш иштер боюнча бири-бирине укуктук жардам көрсөтүү, кылмыш жообуна тартыла турган адамдарды өткөрүп берүү маселелери да каралат.
Башкы прокуратура учурда канча кыргызстандык жаран Түркияда, ал эми Кыргызстанда канча түрк жараны камакка алынганы тууралуу маалыматты берүүдөн азырынча баш тартты. (EBM)
Башкы прокуратура учурда канча кыргызстандык жаран Түркияда, ал эми Кыргызстанда канча түрк жараны камакка алынганы тууралуу маалыматты берүүдөн азырынча баш тартты. (EBM)