Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүү боюнча улуттук конференция башталат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияга биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, ишкерлер катышат. Анда Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнүн көйгөйлөрү, тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтер талкууга алынмакчы.
Быйыл Дүйнөлүк банктын ишкердикке түзүлгөн шарт-жагдай боюнча Doing Business рейтингиндеги Кыргызстандын орду эч өзгөрүүсүз калды. Кыргызстан мурдагыдай эле 185 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээледи. Бул - ишкерлик чөйрөсүндө кандайдыр бир укуктук реформа жасалган жок дегенди билдирет. (KKs)