Бул тууралуу Токой чарба жана жаратылышты коргоо агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти. Анда илбирстерди сактоонун көйгөлөрү жана биргелешкен чаралары талкууланды. Илбирс байырлаган 12 өлкөнүн жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан кеңешмеде 2013-жылдын экинчи жарымында Бишкекте эл аралык форум өткөрүү чечими кабыл алынды. Ал форумда илбирстерди сактоонун 2020-жылга чейинки глобалдык программасы кабыл алынат.
Дүйнөдө жыл сайын бийик тоолорду байырлаган илбирстердин азайганы байкалып жатат. Токой чарба жана жаратылышты коргоо агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын илбирс бар болсо, азыр алардын 300дөйү калган. (BkA)