Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 4-5-декабрда өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынына президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышат. Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйыны жана Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябаонун расмий сапарына байланыштуу мына ушундай чечим кабыл алынды.
Ашхабаддагы жыйында КМШга мүчө өлкөлөр арасындагы экономикалык, гуманитардык жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган 30дан ашык келишимдин долбоорлору талкууланат. (BkA)
Ашхабаддагы жыйында КМШга мүчө өлкөлөр арасындагы экономикалык, гуманитардык жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган 30дан ашык келишимдин долбоорлору талкууланат. (BkA)