Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Каракол-Эңилчек жолуна көчкү түшүп, жол жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, Каракол-Эңилчек жолунун 75-чакырымы менен 90-чакырымдары ортосуна 150 миң куб метр кар көчкү түшүп, жолду бууп калды. Учурда жол тазаланып жатат.

Министрликтин маалыматында, учурда өлкөдөгү калган кан жолдор ачык. Буга чейин министрлик 1-4-декабрга чейин жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош, , Мырз-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүндүгүн эскерткен. (BkA)
XS
SM
MD
LG