Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп жатат. Ага катышуу үчүн кечээ орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Кытай премьер-министри Вэн Цзябао, Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов, тажик премьери Акил Акилов, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов Бишкекке келди. ШКУнун жыйынына Монголия, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиянын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү байкоочу катары катышууда. Учурда өкмөт башчылардын тар чөйрөдөгү жыйыны аяктап, кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталганы жатат.
Өкмөт башчылардын жыйынында ШКУга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча кызматташуусун бекемдөө боюнча меморандумга жана чукул кырдаалдарда биргелешип жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлат. Мындан тышкары уюмдун бюджети, бир жылдык иши боюнча отчет угулуп, 2013-жылга долбоор каралат. Ошондой эле 2012-2016-жылдар аралыгында ишке ашырыла турган долбоорлор талкууга алынат.
Алардын катарында соода-экономикалык байланышты жакшыртуу, маданий-гуманитардык жана банктар аралык кызматташтык, университеттер аралык байланышты кеңейтүү маселелери бар. Бүгүнкү жыйында 2013-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ президенттеринин саммитинин күн тартиби да түзүлөт.