Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Нурлан Мотуев зордуктоого шектелип кармалды


Бишкек ШИИБинен маалымдашкандай, Нурлан Мотуев 21 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Маалыматтарда айтылгандай, кечээ Бишкектин Свердлов РИИБине 21 жаштагы жаран кайрылган. Ал Нурлан Мотуевдун таанышы болгонун, 4-декабрда үйүнө алдап чакырып, андан соң зордуктаганын айтып берген.

Учурда Мотуевге кылмыш кодексинин “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Нурлан Мотуев акыркы учурда өздөрүн Элдик-патриоттук кыймыл деп атаган топтун башчысы катары бийликке каршы акцияларга катышып жүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG