Шейшемби күнү Миндано аралындагы Компостела өрөөнүн “Бофа” деп аталган тайфун каптап, кеминде 151 адамды набыт кылган эле. Бүгүн өрөөндөгү убактылуу конуш жай менен аскерий лагерди кайра суу каптап, бери дегенде 60 жан апаат болду. Жүздөгөн адамдар дарексиз жок. Топон сууду коштогон шамалдын ылдамдыгы саатына 120 километрден 150 километрге чейин жетти.
Палаван аралындагы курортторду каптаган тайфун акырындап тартыла баштаганы кабарланды. Филиппинди жылына 20 жолуга чейин тайфун басат. “Бофа” быйылкы эң кубаттуу тайфунь болду. Былтыр “Ваши” тайфуну Миндано аралында 1, 5 миңдей адамдын өмүрүнө зобун келтирген.