Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Президент Каримов майда кылмышкерлерге мунапыс берет


Өзбек парламентинин жогорку палатасы Сенат мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун бекитти. Президент Каримовдун сунушуна ылайык, майда кылмыш жасаган, коомго коркунучу жок, 18 жашка чейинки жана 60тан өйдө курактагы жарандарга, анын ичинде аялдарга жана чет элдиктерге мунапыс берилет. Мунапыска илингендер эркиндик алышат же жаза мөөнөтү кыскартылат.

Сенаттын мүчөсү Светлана Артыкованын айтымында, мунапыс Өзбекстан Конституциясынын 20 жылдыгын утурлай бейшемби күнү жарыяланат. Өзбекстандын Баш мыйзамы 1992-жылы 8-декбарда кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG