Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбековага карата өкүмүн чыгарат. Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээки соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу Тыныбекованы соттон 4 жылга эркинен ажыратууну суранган. Кыргыз кыздарынан биринчи жолу эркин күрөш боюнча Лондон олимпиадасына катышкан Тыныбековага быйыл апрель айында “бейбаштык кылды” деп кылмыш иши козголгон. Балбан кыз курбусу менен 17 жаштагы Бишкектин тургунун сабап, анын денесине залал келтирген деп күнөлөнүүдө. (KKs)