Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Forbes: Обама - дүйнөдөгү эң таасирдүү адам


Forbes журналы АКШ президенти Барак Обаманы дүйнөнүн эң таасирдүү адамы деп тапты. Обамадан кийин тизмеге экинчи болуп Германиянын канцлери Ангела Меркель жана үчүнчү болуп орус президенти Владимир Путин кирген. Алгачкы ондукта Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, Рим папасы Бенедик XVI, АКШнын эки банкири, Сауд Арабия королу, Кытайдын коммунисттик партиясынын лидери Си Цзинпин жана Британ премьер-министри Дэвид Камерон бар.

Forbes журналынын бул тизмесине жалпы 71 адам киргизилген. Алардын арасында белгилүү бизнесмен, миллиардерлер, кадимки Google корпорациясынын негиздөөчүсү Сергей Брин, Facebook социалдык түйүнүнүн ээси Марк Цукерберг да бар. 28 жаштагы Цукерберг тизмеге кирген эң жаш таасирдүү адам болуп калды. (KKs)

XS
SM
MD
LG